2 min read
Слушать

БИР АЗ МУРДА КЕЛГЕНИҢДЕ

Суу жээгине келдим бая биз отурган,

Суктантып бирибизге сүйүү арнаган.

Андагы шаркыраган аккан суу жок,

Соолуптур нугу турат, кургап калган.

Отурдум ойго батып, күн чубактап,

Окудум ырларымды мен барактап.

Кыялда өзүң менен чогуу басып,

Өзөндөп көпкө жүрдүк бак аралап.

Катасын өткөн күндүн түшүнгөнсүп,

Тунжурап айланам бүт бүркөлгөнсүйт.

Тынчтык бузуп адашкан иттер үрүп,

Кайтарып жүргөндүгүн билгизгенсийт.

Көңүлүм уйгу-туйгу, сен келчүдөй,

Суукка чыдап турдум, тоото бербей.

Жел жүрсө берүүчүдөй сенден кабар,

Кетким келбей турамын жытың искей.

Мезгил жетип кетүүгө мен бурулуп,

Бейтаанышты жаным сага окшоштуруп.

Катып калдым чалыштап бутум баспай,

Селт этип чоочуп алдым,жүрөк булкуп...

Өзүңдөн ажыраарым билгенимде,

Ушаланып эзилээрим сезгенимде.

Оюңа кошулмакмын макул болуп,

Аттиң ай, бир аз мурда келгениңде…

ЭРКЕАЙЫМ БОТАЛИЕВА Ш.

Пришел бы чуть ранее

Стою на берегу, где встречались с тобою,

Где дарили мы нежность друг другу.

Но нет той речки, которая тогда была,

Высохшое русло - стоит, пересохла река.

Просидела окунувшись в солнечных лучах,

Написанные мною стихи все перечитала,

Вместе прогуливались вдвоем мы в мечтах,

Бродили по нашим местам, долго гуляя.

Будто понимает ошибки прошлых лет,

Весь мир со мной грустит о тех днях,

Только лай собачий покой нарушает,

И знать дает, что они нас охраняют.

Я волнуюсь, будто ты на встречу идешь,

Жду, стою, не чувствуя холод и стужу.

Уходить не хочется, ищу запах твой,

Вдруг хоть весточку ветерок принесет.

Собираюсь уходить, пришло время,

Вижу незакомца похожего на тебя.

Ноги скосились, не могу сделать шаг,

Испугалась, сердце будто упало.

Если бы знала, что я потеряю тебя,

Если бы знала, что начнутся мучения,

Я бы сразу во всем согласилась с тобой,

Очень жаль, пришел бы чуть ранее...

ЭРКЕАЙЫМ БОТАЛИЕВА Ш.

Перевод; САЛИЯ ИБРАИМОВА

51
0
296
Give Award

Other author posts

Comments
You need to be signed in to write comments

Reading today

Время
Зеркальное отражение
Ryfma
Ryfma is a social app for writers and readers. Publish books, stories, fanfics, poems and get paid for your work. The friendly and free way for fans to support your work for the price of a coffee
© 2024 Ryfma. All rights reserved 12+