НАУЧИ (ҮЙРӨТЧҮ МАГА)

НАУЧИ
Жизнь, без тебя как прожить, научи,
Без искры озябшие чувства потухли.
Дальше как жить, надежды рухнули,
Мысленно, оборванную нить я ищу.
Не лги себе милый, и не возвращайся,
Изнывающие чувства мои не тревожь.
Средь толпы образ твой взором ищу,
Мысленно, как странник весь мир обхожу.
Ночью, во сне не являйся тревожа,
Не напоминай, душа страдает и плачет.
Простившись, не оборачиваясь уходи,
Вновь, во сне не являйся, терзая.
Научи, без тебя новую жизнь, как начать,
Бесонные ночи забыв, безмятежно уснуть.
Без сожалений вперед устремиться,
Легендой ставшей любви, дорогу закрыть.
БОТАЛИЕВА ЭРКЕАЙЫМ ШАКИРОВНА 05.01.19 г.
Перевод
ҮЙРӨТЧҮ МАГА
Үйрөтчү мага, өзүңсүз жашап өтүүгө,
Үшүгөн сезим жалынсыз калып өчүүдө.
Үмүтүм кыйрап, үлбүрөп турам айласыз,
Үзүлгөн ойдун учугун таппай, көрүүгө.
Кайрылба кайра, алдаба жаным өзүңдү,
Кайгырып турган сыздатпа эми көңүлдү.
Карааның издеп топтолгон элдин ичинен
Думана болуп жер кезип кетчү көрүндүм.
Кирбечи түшкө, түнкүсүн эми кыйнаба,
Көөдөндү эзип, эстетип мени ыйлатпа.
Кыйылып улам карабай коштош, алтыным,
Кирбечи түшкө, кайрадан мени сыздатпа.
Үйрөтчү мага, өзүңсүз жаңы жашоого
Уйкусуз түндү унутуп бейпил уктоого.
Убайым тартпай, алдыга тике карайын,
Уламыш болгон арзуунун жолун байлоого.
БОТАЛИЕВА ЭРКЕАЙЫМ ШАКИРОВНА 24.07.16ж.
Other author posts
БИР АЗ МУРДА КЕЛГЕНИҢДЕ
Суу жээгине келдим бая биз отурган, Суктантып бирибизге сүйүү арнаган. Андагы шаркыраган аккан суу жок, Соолуптур нугу турат, кургап калган.
БОШ КАЙЫКТА
Отурам ойго чөмүп жан дүйнөм суз, Көл дагы түшүнгөнсүп эч толкунсуз. Көз жашым төгүлүп жамгыр болуп, Айлана тунуп турат, бүт көңүлсүз.