2 min read
Слушать

БОШ КАЙЫКТА

БОШ КАЙЫКТА - о жизни, любовь жизнь

Отурам ойго чөмүп жан дүйнөм суз,

Көл дагы түшүнгөнсүп эч толкунсуз.

Көз жашым төгүлүп жамгыр болуп,

Айлана тунуп турат, бүт көңүлсүз.

Өзүң жок, бош кайыкта буулугамын,

Сезимден муңканган бир ый угамын.

Кен дүйнөм эңшерилип жоготуудан,

Мунардан келип турат мен кулагым.

Тагдырым неге мага каршыктың сен,

Жолуму тосуп койдуң эмнеликтен?

Түбү жок санааларга салып коюп,

Сел алган өткүн дейсиң, көпүрөдөн.

Кайыгым калагы жок калган сымал,

Отурам көл жээктеп күндүз беймаал.

Өзүмө- өзүм айтып арманымды,

Өмүрдө жалгызсырап калганымды.

Шолоктоп ыйладым, буулуккандан,

Шылтоолоп жамгырды чачыраган.

Шайман жок, алсырап араң турам,

Кең дүйнө тарыгандай, айсыз калган.

ЭРКЕАЙЫМ БОТАЛИЕВА Ш.

Пустая лодка

Грустно на душе, сижу в раздумьях,

Озеро, без волн будто меня понимает.

Словно весенний дождь, текут слезы мои,

Тихо вокруг, даже воздух грустью вздыхает.

Пустая лодка, не знаю куда причалить,

Из груди вырываются грусть и печаль.

Развалился огромный мир от потери,

Хочется за тобой броситься с башни.

О, Судьба моя, мой путь ты преградила

Встала на дыбы против моих мечт,

Облачив меня в безграничную печаль

Отправляешь пройти через мост после сели.

Сижу на берегу озера днем одна

Будто весла у лодки волна унесла.

Своим горем делюсь сама с собою,

Что иду одна по жизненной тропою.

Всхлипываю, плачу, вот-вот разрыдаюсь,

Причиной скажу, что россыпи дождя

Еле держусь, нет сил и нет мечты,

Будто сузился весь мир, оставшись без Луны.

ЭРКЕАЙЫМ БОТАЛИЕВА Ш.

Перевод; САЛИЯ ИБРАИМОВА

102
4
395
Give Award

Other author posts

Reading today

Кровавая сага утраченного семейства
Зеркальное отражение
Фауст краткое содержание
Ryfma
Ryfma is a social app for writers and readers. Publish books, stories, fanfics, poems and get paid for your work. The friendly and free way for fans to support your work for the price of a coffee
© 2024 Ryfma. All rights reserved 12+