Суу жээгине
Суу жээгине келдим бая биз отурган,
Суктантып бирибизге сүйүү арнаган.
Андагы шаркыраган аккан суу жок,
Соолуптур нугу турат, кургап калган.
Читать дальше
Суу жээгине келдим бая биз отурган,
Суктантып бирибизге сүйүү арнаган.
Андагы шаркыраган аккан суу жок,
Соолуптур нугу турат, кургап калган.
Отурам ойго чөмүп жан дүйнөм суз,
Көл дагы түшүнгөнсүп эч толкунсуз.
Көз жашым төгүлүп жамгыр болуп,
Айлана тунуп турат, бүт көңүлсүз.
ҮЙРӨТЧҮ МАГА
Үйрөтчү мага, өзүңсүз жашап өтүүгө,
Үшүгөн сезим жалынсыз калып өчүүдө.